Казакстанда эл биримдиги майрамы белгиленди.
Республиканын бардык аймактарында кайрымдуулук акциялары өткөрүлүп,
жарманкелер, тематикалык жолугушуулар уюштурулду. Ошондой эле, суу каптоого
каршы иш-чараларга катышкан ыктыярчылар менен куткаруучуларга урмат көрсөтүлдү.
Маселен, Караганды облусунда эл табигый кырсыктан жапа чеккендерге биримдигин
дагы бир жолу көрсөттү. Шет районуна бардык зарыл болгон жүк жүктөлгөн кербен жөнөтүлдү.
Вилен Молотов-Лучанский, Казакстан Эли Ассамблеясы
төрагасынын орун басары:
- Азыр кыйын мезгил — бүткүл эл табигый кырсыктын, суу
ташкынынын кесепеттери менен күрөшүп жатат. Ал эми бул күндөрү республиканын
Президенти белгилегендей, элибиздин биримдиги жана ынтымагы ачык-айкын көрүндү,
гуманитардык жардам менен жүк ташуучу автоунаалар ушул аянттан жиберилет - бул
50 тоннадан ашык жүктү түзөт.
Алматыда да Казакстан элинин биримдиги күнү кайрымдуулук
жарманкеси жана гастрофестиваль менен белгиленди. Республика сарайында 10дон
ашык белгилүү ресторан түрдүү улуттардын тамактарын сунуштады. Казак, түрк,
уйгур жана армян элдеринин тамак-ашын өзгөчө белгилеп кетүүгө болот. Андан
түшкөн каражат суу каптоодон жабыркагандарга жөнөтүлөт.
Долкунтай Абдулхалил, Уйгур республикалык этно-маданий
борборунун төрагасы:
- Президентибиз айткандай, «Биздин күчүбүз биримдикте».
Мындай майрамдар - ар улуттун өкүлдөрүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү
бекемдейт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков