Өткөн дем алыш күндөрү Дүйнө жүзүнүн көңүлү Казакстандагы башкы окуяларга бурулду. Эске салсак, тогуздун айынын 6да өлкөдө атомдук электр станциясын куруу маселеси боюнча референдум өттү. Түрдүү чет элдик басылмалар окуя тууралуу жарыша жазып чыгышты.
Америкалык Bloomberg маалымат агенттиги Казакстан зыяндуу газдарды азайтуу үчүн таза энергия булактарын колдонууга умтулган бир катар өлкөлөргө кошулганын жазды. Евразиялык интеграция институту экзит-поллго катышкандардын 72% жакыны АЭСтин курулушун «макул» деп добуш бергенин белгиледи.
France 24 Казакстан уран өндүрүү боюнча дүйнөдө лидер экенин жана эбегейсиз мунай кору бар экенин, бирок электр энергиясынын жетишсиздигинен жапа чегип жатканын белгиледи. Республика бул боштукту толтуруу үчүн атомдук энергияны колдонууга ниеттенүүдө.
Ал эми Deutsche Welle немис порталы президент Касым-Жомарт Токаевдин сөзүнөн үзүндү келтирди. Анда республикалык референдумдун алдында мамлекет башчысы АЭСтин курулушун “эгемен Казакстандын тарыхындагы эң ири долбоор” деп атады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков