Казакстан Өкмөтү 2026-жылы 12 мыйзам долбоорун иштеп чыгат

Казакстан Өкмөтү 2026-жылы 12 мыйзам долбоорун иштеп чыгат

2026-жылы Өкмөт мыйзам чыгаруу ишинин экономика жана социалдык тармактарга тиешелүү негизги багыттарына басым жасайт. Премьер-министр мамлекеттик органдардын биринчи жетекчилерине ар бир мыйзам долбоорунун сапаттуу иштелип чыгышын жана алардын Мажилиске өз убагында киргизилишин катуу көзөмөлдөөнү тапшырды. Мамлекеттик органдардын арасында мекемелер аралык координацияны камсыз кылуу, ашыкча бюрократиядан арылып, ыкчам иштөө керек. Юстиция министрлиги Мамлекет башчысынын, Президенттин Администрациясынын жана Өкмөттүн мыйзам чыгаруу тапшырмаларына жыл бою мониторинг жүргүзүп турууга тийиш.

Олжас Бектенов, Казакстан Премьер-Министри:

- Мамлекеттин экономикага катышуу чегин так аныктап, башкаруу ишине тиешелүү укуктук талаптарды бекитип алуу зарыл. Биз кызматкерлердин укуктарын коргоо жана социалдык камсыздандыруу системасын чыңдоо үчүн нормативдик базаны өркүндөтүү багытында активдүү ишти улантабыз. Ошондой эле мунай-газ химиясы өнөр жайын өнүктүрүүнүн системалуу жана комплекстүү ыкмасын камсыздай турган мыйзамдык демилгелер бар. Кийинки жылы бардыгы 12 мыйзам долбоорун иштеп чыгуу көздөлгөн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков