Астанада Елизавета II атындагы гүл бакча пайда болот

Астанада Елизавета II атындагы гүл бакча пайда болот

Жаңы эс алуу жайы жалган куран айынын 17-18 күндөрү Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугунун тышкы иштер, Шериктештик жана өнүктүрүү министри Джеймс Клеверлинин Казакстанга болгон иш сапарынын алкагында ачылат. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин брифингинде айтылды. Урматтуу конокту өлкөнүн президенти жана премьер-министри кабыл алып, тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы менен жолугушат. Ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Тюрктүн бул күндөрү Астанага иш сапары менен келери белгилүү болду.

Айбек Смадияров, Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү:

- Тюрктүн Мамлекеттик жана тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги, ошондой эле адам укуктары боюнча комиссары менен жолугушуусу пландалууда. Мындан тышкары, Жогорку Комиссар Казак мамлекеттик юридикалык университетинде Адам укуктары боюнча дүйнөлүк декларациянын 75 жылдыгына жана Иш-аракеттер планы боюнча Вена декларациясынын 30 жылдыгына арналган лекция окуйт. Жалган куран айынын 17де БУУнун имаратында сапардын жыйынтыгы боюнча жыйынтыктоочу басма сөз брифинги өтөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков