Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга расмий сапарын репрессиянын
курмандыктарына арналган «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине
баруу менен баштады. Казакстандын президенти ошондой эле кыргыздын көрүнүктүү
жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесин да эскерди.
Андан ары Касым-Жомарт
Токаев расмий сапарынын алкагында Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен
сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Тараптар транспорттук-транзиттик, энергетикалык, суу,
агрардык тармактарда жана санариптештирүүдө өз ара аракеттенүүнү чыңдоо
маселелерин талкуулашты. Андан соң мамлекет башчыларынын төрагалыгы алдында
Казакстан менен Кыргызстандын Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин жетинчи
жыйыны болуп өттү. Бул жерде тараптар сооданын чоң дараметине көңүл бурушту.
Эгерде азыр товар жүгүртүү 2 миллиард долларга жакын болсо, анда кийинки максат
- 3 миллиард. Бул үчүн
кызматташуунун Жол картасына кол коюлду.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын
президенти:
- Былтыр биз тарыхый союздаштык
мамилелерди тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө келишимге кол койгонбуз. Бүгүн биз
кызматташтыктын комплекстүү планын кабыл алып жатабыз. Бул маанилүү кадамдар
казак-кыргыз мамилелеринин өнүгүшүнө жаңы дем берерине ишенем. Эки өлкөнүн өкмөттөрү
бул планда белгиленген максаттарды жана милдеттерди жетекчиликке алышы керек.
Казакстан менен
Кыргызстандын лидерлери сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын
өткөрүштү. Маселен, сооданы өнүктүрүү максатында келерки жылы казак-кыргыз чек
арасында Индустриалдык соода-логистикалык комплекс ишке киргизилет. Агроөнөр
жай секторунда да чоң мүмкүнчүлүктөр бар – айтмакчы, ал соода балансында 25%ды
ээлейт, ошондуктан өз ара аракеттенүүнү күчөтүү үчүн Казакстан менен
Кыргызстандын өкмөттөрү эки жылдык Жол картасын даярдашат.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын
президенти:
- Казак-кыргыз чек арасынын өткөрүү
жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле жүк ташуу маселесине өзгөчө көңүл
бурулду. Акыркы убакта бул багытта бир катар масштабдуу иш-чаралар өткөрүлдү.
Учурда 8 чек ара өткөрүү пунктун жаңылоо боюнча иштер жүрүп жатат. Бул иштер
жакынкы эки жылда толугу менен аяктайт. Эки өлкөнүн өкмөттөрүнө бул маселени
өзгөчө көзөмөлдө кармоо тапшырылды. Мунун баары өз ара сооданын көлөмүнүн
көбөйүшүнө өбөлгө түзөт.
Садыр Жапаров, Кыргыз
Республикасынын президенти:
- Биз өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү
жана номенклатурасын кеңейтүү, ошондой эле бизнес үчүн тартымдуу шарттарды
түзүү маселелерин талкууладык.
Тараптар жакынкы арада
Региондор аралык форумдун кезектеги жыйынын өткөрүүгө макулдашышты. Президент
Токаев кыргызстандык кесиптешин өлкөбүнүн эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы болгон
"Алтын Кыран" ордени менен сыйлады. Андан соң мамлекет башчылары
Бишкектеги "Алтын достук көпүрөсү" эстелигинин ачылыш аземине
катышты. Монумент эки элдин көрүнүктүү жазуучулары Мухтар Ауэзов менен Чыңгыз
Айтматовго арналган. Бул имаратта Улуу Ата Мекендик согуш жылдары Фрунзе жөө
аскер окуу жайы жайгашкан. Жазуучу Кемел Токаев дал ушул жерден майданга аттанган.
Билим очогуна анын ысымын берүү тууралуу демилгени Садыр Жапаров быйыл бугу
айында көтөргөн болчу.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

