Казакстандын Президенти ЖККУнун Башкы катчысын кабыл алды

Казакстандын Президенти ЖККУнун Башкы катчысын кабыл алды

Мамлекет башчысы ЖККУнун Башкы катчысын кабыл алды. Таалатбек Масадыков Касым-Жомарт Токаевди өз кызматындагы иш пландары менен тааныштырды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун негизги иш багыттары боюнча кеңири маселелерди, анын ичинде туруктуу иштеген жумушчу органдардын ишин талкуулашты.  Президент уюмду андан ары өнүктүрүү боюнча бир катар сунуштарын ортого салды. Ошону менен бирге, ал казак тараптын ЖККУ форматындагы кызматташтыкты чыңдоого даяр экендигин баса белгиледи.

Которгон: Илгиз Жамалбеков