Казакстан менен Албаниянын кызматташуу маселелерин бүгүн эки
өлкөнүн президенттери талкуулашты. Байрам Бегай республикага биринчи жолу расмий
визит менен келди. Касым-Жомарт Токаев аны Акордада тосуп алды. Алгач эки
өлкөнүн лидерлери тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Мамлекет башчысы
Албаниянын президентине чакырууну кабыл алып, Казакстандын борборуна келгени
үчүн ыраазычылык билдирди.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
-Бул Албаниянын президентинин Казакстанга жасаган биринчи
сапары. Бул сапар өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү жагынан өтө маанилүү кадам.
Казакстан сиздердин өлкө менен тыгыз байланыш түзүүгө абдан кызыкдар. Биз эки
тарапты тең кызыктырган көптөгөн тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты
жана байланыштарды өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөрүбүз бар деп эсептейбиз. Сиздин
сапарыңыздын биздин өлкөлөрдүн дипломатиялык мамилелердин орногондугунун 30
жылдыгын майрамдоого эки жума калганда болуп жаткандыгы абдан символикалуу.
Байрам Бегай, Албаниянын
президенти:
-Мен Казакстанда болгонума абдан кубанычтамын. Чакырууңуз үчүн рахмат. Сиз буга чейин айткандай, бул сапар
дипломатиялык мамилелерибиздин 30 жылдыгына туш келип отурат. Бул биздин саясий
мамилелерибиз жакшы деңгээлде экенинен кабар берет, эми биз экономикалык
кызматташуубузга мүмкүнчүлүктөрдү таап, дагы да тыгыз кызматташышыбыз керек. Сизди Албанияга келип кетүүгө чакырам.
Байрам Бегай өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу
кызматташтыктын абалын жана анын келечегин жогору баалады. Албания республика
менен тоо-кен өнөр жайы, энергетика, айыл чарба, транспорт жана туризм
тармагында кызматташууну күчөтүүнү пландоодо. Ал эми кызматташуунун жаңы
айлампасына чыгып, ишкер байланыштарды чыңдоо үчүн түз авиакаттамдарды ачуу
зарыл. Касым-Жомарт Токаев бүгүн Астана менен Тирананын ортосундагы байланышты
ачуу зарылдыгын айтты. Президент Казакстан Албанияны Балкан жарым аралындагы
абдан маанилүү өнөктөш катары карай турганын баса белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков