Дүйнөдө геосаясий туруксуздук
жана чыңалуу күч алып турган шартта түшүнүшүү менен сабырдуулукту сактоо
маанилүү. Дин - саясий манипуляциянын куралына айланбоого тийиш. Мындай пикирин
Ватикандын диндер аралык диалог боюнча Папа кеңешинин Ислам иштери боюнча
бюросунун жетекчиси «Silk Way» телеканалына берген эксклюзивдүү маегинде Халед
Акаше билдирди. Анын айтымында, адамдын ишеними зордук-зомбулук жана терс
аракеттерди жасоо үчүн колдонулбашы керек. Муну менен катар, маек учурунда Папа
кеңешинин өкүлү диндер аралык диалогдун маанилүүлүгүн белгиледи. Бул жаатта
Казакстан дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин курултайларын өткөрүү
менен глобалдык макулдашуунун аянтчасын сунуштады.
Халед Акаше, Ватикандын диндер
аралык диалог боюнча Папа кеңешинин Ислам иштери боюнча бюросунун жетекчиси:
- Чиркөөдө ар дайым динди саясий
максаттарга жетүү үчүн курал катары колдонууга болбойт деп айтылып келет.
Тилекке каршы, муну айрымдар түшүнбөй жаткандай. Кээ бир адамдар динди - диний
же этникалык топторго карата зомбулукту же басмырлоону актоо үчүн колдонушат.
Бирок маселенин чечилиши – динди четке кагуу эмес, анын коомдо өз ордун
ээлөөсүнө шарт түзүү. Мен дин тууралуу сабаттуулугубузду арттырып, аны менен бирге,
башка адамдардын диний көз караштарына, алардын дин тутуу же аны такыр
карманбасына сый менен кароо, ошондой эле, ар бир адам менен коомдун
кызыкчылыгы үчүн кызматташуу туура болорун дагы бир жолу кайталап айткым келет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков