Актау портунан Казакстандын мунай экспорту көбөйдү. Үстүбүздөгү жылдын 10 айында бул жерден 2 миллион 800 миң тонна чийки зат жөнөтүлгөн. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2 эсеге өскөнүн магистралдык мунай түтүгү боюнча улуттук оператор билдирди. Маселен, Бакуга ата мекендик кара алтынды жеткирүү 1 миллион 100 миң тоннадан ашкан. Ал эми Махачкаланын деңиз портуна жөнөтүлгөн Казакстан мунайынын көлөмү 1,5 миллион тоннадан ашты. Эске сала кетсек, былтыр Президент Касым-Жомарт Токаев Транскаспий коридору аркылуу мунай ташуу көлөмүн арттырууну тапшырган. Ага ылайык, Казакстан менен Азербайжандын тармактык компаниялары өз ара келишимге кол койгон. Анда тараптар Теңгиз кенинен «Баку-Тбилиси-Джейхан» мунай түтүгү багыты менен жылына 1,5 миллион тонна чийки зат жеткирүү тууралуу макулдашты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков