Алматы
облусунда Борбор Азиядагы эң ири PepsiCo заводу пайда болот. Ага инвестиция 320
миллион долларды түзөт. Бул
жылына болжол менен 70 миң тонна даяр өнүмдү камсыз кылып, картошканы кайра
иштетүүнүн көлөмүн үч эсеге көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Толук өндүрүштүк кубаттуулукка жетүү - 2027-жылдын аяк оона айына пландалууда.
Бул тууралуу Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов менен компаниянын
аймак боюнча жетекчиси Давид Манзини жолугушуусунда белгилүү болду. Жалпысынан долбоор чийки затты сактоо базасын
кеңейтип, түшүмдүүлүктү жана өнүмдүн сапатын жогорулатуу үчүн илимий ыкмаларды
иштеп чыгууга шарт түзөт. Ошону менен бирге өндүрүштө жергиликтүү чийки затты колдонуу
көздөлүп жатат. Бул максатта азыртадан Павлодар, Акмола, Караганды, Алматы облустарынан
жана Жетисудан 15ке жакын чарба тартылып жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

