Казакстанда күйүүчү майдын чектүү баасы бекитилди

Казакстанда күйүүчү майдын чектүү баасы бекитилди

Казакстанда күйүүчү майдын жаңы чектүү баасы киргизилди. Энергетика министрлигинин буйругуна ылайык, Костанай жана Түндүк Казакстан облустарында АИ-92 жана АИ-93 үлгүсүндөгү бензиндин максималдуу баасы литрине 187 теңге деп бекитилди. Аталган аймактарда баанын жөнгө салынышына жогорку логистикалык чыгымдар таасир эткен. Казакстандын башка аймактарында баа мурдагы 182 теңге деңгээлинде сакталат. Мунай өнүмдөрүнүн тизмесинен Аи-95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын баасын мамлекеттик жөнгө салуу алып салды. Анткени аны жана андан жогору өнүмдөрдү чыгарууда кымбат баалуу импорттук кошумчалар жана бензиндин компоненттери колдонулат. Белгилей кетсек, дизелдик отунга болгон максималдуу баалар өзгөрүүсүз калды жана Казакстандын бардык аймактарында мурдагы деңгээлде сакталып турат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков