Дүйнөлүк банк Казакстан экономикасы 2023-жылы 3,5%га чейин өсөрүн болжолдоду

Дүйнөлүк банк Казакстан экономикасы 2023-жылы 3,5%га чейин өсөрүн болжолдоду

Эл аралык каржы институтунун такталган болжолуна ылайык, оң көрсөткүчкө көмүртектүү сектордогу жигердүүлүктүн, атап айтканда, мунай өндүрүүнүн өсүшүнүн эсебинен жетишилет. Мындан тышкары, тоо-кен тармагына чет өлкөлүк түз инвестиция тартуу жана өкмөттүн жеткиликтүү турак-жай программасын каржылоо улантылат. Ошондой эле, Дүйнөлүк банктын серепчилери өлкөдө инфляциянын деңгээли төмөндөйт деп болжолдошууда. Эске салсак, 2022-жылы Казакстандын ички дүң өнүмү 3,2%га өскөн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков