Казакстандын Евразиялык экономикалык биримдик өлкөлөрүнө экспорту 90% өстү. Бул 2015-жылдан берки өсүш. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча анын көлөмү акчалай эсептегенде 10 миллиард долларга жакын болгон. Ал эми 7 жыл мурун бул көрсөткүч эки эсе аз, башкача айтканда, 5 миллиард доллардан бир аз ашкан. Жалпысынан акыркы жылдары Казакстандын өнөктөш өлкөлөр менен шаар аралык байланышы тездик менен кеңейип келүүдө. Бүгүнкү күндө өз ара соода жүгүртүү 74%га өсүп, 28 миллиард долларга жетти. Тиешелүү мекеменин башчысы Арман Шаккалиев соода саясатын өнүктүрүүгө токтолду. Министрдин айтымында, өлкө бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин логистикалык хабы жана евразиялык өнөр жай кооперациясынын борбору болууга даяр. Бул максатта Казакстанда бир катар демилге колго алынган. Тармак жетекчиси ассоциацияга мүчө өлкөлөр товарлардын 450 түрү үчүн өнөр жайлык кайра иштетүүнүн жалпы стандарттарын иштеп чыкканын белгиледи. Бул жаатта СТ-1 шайкештик сертификаты менен тастыкталган өнүмдөрдүн тизмеси кеңейтилди. Соода министрлигинин башчысы белгилегендей, мунун баары өнөктөш өлкөлөрдүн рыногуна жалпы суммасы 100 миллиард долларлык ата-мекендик жеткирип берүүнү көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Ошол эле учурда, биз үчүн үчүнчү өлкөлөр менен эркин соода аймагы боюнча дараметтүү келишимдердин мейкини кеңейүүдө.
Арман Шaккалиев, Соода жана интеграция министри:
- Биз Сербия жана Вьетнам менен эркин соода режиминде кызматташабыз. Иран менен кыскартылган форматта. Натыйжада Вьетнам менен соода 7 жылда 2,5 эсе, Иран менен 3 жылда 38% өскөн. Бүгүн, бештин айынын 25де Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын алкагында мамлекет башчылары Иран менен эркин соода жүргүзүү боюнча келишимге кол коюуну пландоодо. Ушундай эле Макулдашууга Сингапур менен кол коюлду, ал ички процедуралардан өтөт. Египет, Индонезия жана Араб Эмираттары менен эркин соода аймагын түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков