Казакстан менен Азербайжандын ортосундагы соода жүгүртүү 2022-жылдын биринчи кварталында үч эсеге өстү. Анын көлөмү үч айда 100 миллион долларга жеткен. Казакстан негизинен Каспий деңизи менен чектешкен коңшу мамлекеттерге буудай, мунай жана мунай өнүмдөрүн, темир жол локомотивдерин экспорттоп, кеме, паром, түрдүү полимерлер менен кара металлдан жасалган түтүктөрдү сатып алат.
Эльшад Мамедов, экономист:
- Менин оюмча, биздин өкмөттөрдүн алдына өлкөлөр ортосундагы бул көрсөткүчтү орто мөөнөттүү келечекте 1 миллиард долларга жеткирүү милдетин коюшу керек. Себеби, статистика дараметибизге дал келбейт. Бирок ал үчүн биргелешкен түз инвестициялар керек. Бул жаатта мүмкүнчүлүктөр бар, жалпысынан экономикабыздын структурасы абдан окшош. Акыркы он жылдыкта биз мунай жана мунай-газ тармагын өнүктүрүүгө, чийки заттарды экспорттоого көбүрөөк көңүл бурдук.
Азия менен Европанын дарбазасы болгон Казакстан менен Азербайжан Каспий деңизинин порт мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдаланбай жатат. Бүгүнкү күндө анын төрттөн бир бөлүгү гана колдонулат. Акыркы убакта эки тарап тең Каспий деңизин эл аралык транспорттук түйүнгө айландыруу зарылдыгын көп айтышууда.
Фархад Мамедов, «Түштүк Кавказ» изилдөө борборунун жетекчиси:
- «Баку-Тбилиси-Джейхан» жана «Баку-Супса» куурлары орточо кубаттуулукта иштеп жатат. Башкача айтканда, бул инфраструктураны толтура алабыз. Бирок маселе Казакстан менен Азербайжандын ортосунда Каспий деңизинин астынан куур жок, ошондуктан мунайды чектелген көлөмдө танкерлер менен жеткирүүгө туура келет. Лидерлердин жолугушуусунда Каспий деңизинде танкерлерди куруу маселеси өзгөчө көңүл бурат деп ишенем.
Бүгүн Казакстандын президенти Азербайжанга расмий сапар менен барат. Мамлекет башчылары жеке жана кеңейтилген жолугушууларды өткөрүп, стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү маселелерин талкуулашат. Сапардын алкагында 20дан ашык документке кол коюу пландалып жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков