Казакстанда
5,7 трлн теңге чет элдик инвестицияга 20 өндүрүш объектиси курулат. Мындан
тышкары, 2,4 млрд доллар каржы багытталган көп тараптуу катышуучулары бар 9
долбоор ишке ашырылууда. Мамлекеттик колдоонун «Аралаш каржылоо» принциби
кеңири колдоо тапкан. Ал салыштырмалуу аз бюджеттик каржы бөлүү аркылуу олуттуу
ири инвестицияларды тартууга мүмкүнчүлүк түзүп жатат. Ошентип, Казакстанда 30га
жакын жаңы долбоорду колдоо пландалууда. Сырттан тартылган каржы металлургия,
химия өнөр жайы, курулуш материалдарын өндүрүү, жыгач иштетүү жана унаа жасоо
тармактарын камтыйт.
Олжас Сапарбеков, Өнөр жай жана курулуш вице-министри:
- Өкмөт чет элдик инвесторлорду кайра иштетүү,
металлургия, химия жана материалдар өндүрүшүнө тартуу боюнча иштерди күчөтөт.
Чет элдик инвесторлор үчүн шарттардын жакшырышы, Инвест штабдын иши жана
негизги индустриялык аймактардагы долбоорлордун так жыйынтыгы ыңгайлуу
инвестициялык климатты түзүүдө. Жалпысынан алганда, индустриялык демилгелерге
инфраструктура менен камсыз кылуу максатында түрдүү каржылоо аркылуу колдоо
көрсөтүлүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

