Казакстандыктар
өлкө ичинде саякаттап, эс алууну жактырышат. Жылдын жарым жылында дээрлик 4
миллион адам өлкө боюнча турларга чыгышты. Бул бир жыл мурункуга караганда 500
миңге көп. Мамлекетте 7,5
миллион чет элдик саякатчы келди. Белгилей кетсек, 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча
ички туристтердин саны 6 миллиондон ашып, чет элдик коноктордун агымы 15
миллиондон ашты - бул 2023-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсе көп. Мындай
маалыматтар Астанада ички туризмди өнүктүрүүгө арналган тегерек столдо айтылды.
Катышуучулар бул сектор бүгүнкү күндө дүйнөлүк экономикада эң динамикалуу
өнүгүп жаткан тармактардын бири экенин жана Казакстан үчүн азыр инвесторлор,
бизнес жана туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү маанилүү экенин баса
белгилешти. Артыкчылыктуу милдеттердин арасында - туристтик инфраструктураны жаңылоо, кадрларды даярдоо,
санариптик кызматтарды өнүктүрүү жана транспорттук жеткиликтүүлүктү кеңейтүү бар.
Нуртас Карипбаев, Туризм
жана спорт министрлигинин
туризм индустриясы комитетинин төрагасы:
- Быйыл мамлекет башчысынын
тапшырмасы боюнча бизде комплекстүү план кабыл алынды.
Бул Маңгыстау облусунун жана Щучинск-Бурабай курорттук зонасынын комплекстүү
планы. Чыгыш Казакстан облусунда Зайсан-Катон-Карагай аэропорту жана Маңгыстау
облусунда Кендерли аэропорту курулууда. Бул аэропорттор ишке киргенде өлкөнүн
ичинде жаңы каттамдар, ошондой эле эл аралык каттамдар да болот. Катон-Карагай жана Зайсан
боюнча биз, транспорт министрлиги менен биргеликте Орусия Федерациясы жана
Кытай Эл Республикасы менен да жаңы каттамдарды ачууну пландаштырып жатабыз.
Которон:
Илгиз Жамалбеков

