КСИИ аянтчасында серепчилер чакырыктар менен Казакстандын келечегин талкуулады

КСИИ аянтчасында серепчилер чакырыктар менен Казакстандын келечегин талкуулады

Климаттык өзгөрүүлөрдүн жана технологиялык революциянын, калктын санынын өсүшүнүн жана пандемиялык коркунучтун азыркы казак коомуна тийгизген таасири. Казакстандын Стратегиялык изилдөөлөр институтунун серепчилери өлкөнүн алдында турган чакырыктар шартында өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги аспектилерин карап чыгышты. Ачык талкуу форматында өткөн жыйынга алдыңкы окумуштуулар, серепчилер жана коомчулук өкүлдөрү катышты. Катышуучулар өлкөнүн экономикалык абалына жана анын келечектеги өсүүсү тууралуу божомолдоруна басым жасашты. Талдоочулар туруктуу экономикалык өсүшкө тоскоолдуктарды жоюу жолдору темасында өз коз караштары менен  бөлүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө институттун мүдүрү Еркин Тукумовдун «Казакстандын келечеги: мүмкүнчүлүктөрдүн «тар коридору» аттуу монографиясынын бет ачары болду. Илимий эмгек Казакстан өнүгүүсүнүн негизги аспектилерин карайт. Автор өз чыгармасында улуттук биримдикти сактоо менен дүйнөлүк мейкиндикке интеграциялануунун маанилүүлүгүн баса белгилеген.

Еркин Тукумов, Президент алдындагы КСИИнин мүдүрү:

- Улуттук кызыкчылыктарыбызды канааттандырган биз каалаган келечекти калыптандыруу үчүн биз азыртан баштап ушул багытта иш алып барышыбыз керек, башкача айтканда, бизди, казак коомун бириктирген, тарыхыбызды түшүнүү үчүн куралдарды жана баалуулуктарды тандап алышыбыз керек. Ар кандай үгүттөөлөрдүн торуна түшүп калбашыбыз керек. Өткөнүбүздү ачык жана калыс талдоомуз керек, мен автор катары ушул маселелерди көтөрүүгө аракет кылдым. Салт менен өнүгүүнүн айкалышкан формасы жаркын келечекке жол ачып берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков