К. Токаев эл аралык күрөш федерациясынын президенти менен жолугушту

К. Токаев эл аралык күрөш федерациясынын президенти менен жолугушту

Казакстан Эл аралык күрөш федерациясы менен стратегиялык кызматташтыкты бекемдөөнү максат кылууда. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев уюмдун президенти Ненад Лалович менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысы күрөш Казакстандын эл аралык спорт аренасында позициясын бекемдөөдө чоң роль ойногон маанилүү спорт түрү экенин баса белгиледи. Ошондой эле, ал дүйнөлүк турнирлерге ийгиликтүү катышкан атамекендик балбандардын жетишкендиктерин жогору баалады. Өз кезегинде Эл аралык күрөш федерациясынын президенти улуттук күрөш мектебинин ийгиликтүү өнүгүп келе жатканын белгиледи. Анын айтымында, казактардын дени сак улутту калыптандырууга умтулуусу жогорку натыйжаларга жетишүүгө жардам берет. Жолугушууда спорттук инфраструктураны кеңейтүү, жаңы усулдук даярдоону киргизүү жана Казакстанда эл аралык мелдештерди өткөрүү маселелери талкууланды. Жыйындын соңунда Касым-Жомарт Токаев Ненад Лаловичти өлкөдө күрөштү өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн 2-даражадагы «Достук» ордени менен сыйлады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков