Акмола облусунда улуттук курултайдын IV жыйыны өтүп жатат

Акмола облусунда улуттук курултайдын IV жыйыны өтүп жатат

Бурабайда өтүп жаткан улуттук курултайдын IV жыйынынын биринчи күнүндө эле 120дан ашык сунуш киргизилди. Бул демилгелер кең масштабдуу  маселелерди камтыйт. Алар негизинен социалдык-экономикалык өнүгүүгө, маданий мурастарды сактоого, маалыматтык коопсуздукка, мамлекеттик тилдеги жасалма интеллект менен контентти өркүндөтүүгө жана жаш муундарды адеп-ахлакка тарбиялоого тиешелүү. Бардык сунуш кылдат изилденип, каралат. Алардын көбү ишке ашырылат. Талкуунун жүрүшүндө экспонаттардын депозитарийин түзүү маселеси козголду. Ал Алкей Маргулан атындагы Археология институтунун дубалдарында жайгашмакчы. Ал өткөндү толуктоо камында бардык тарыхый табылгалардын эсебин  бирдиктүү санариптик базада жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, ал музей катары иштейт. Анда казакстандык археологдор акыркы 5-10 жылда тапкан байыркы экспонаттар сунушталат.


Саясат Нурбек, Илим жана жогорку билим берүү министри:


- Азыр Астанада Улуттук депозитарий куруу үчүн болжол менен 10 гектарга жакын жер белгиленген. Бул өтө актуалдуу суроо. Ал тууралуу көптөн бери айтылып келет. Азыр 600 миңге жакын жаңы табылган байыркы экспонаттар чогултулуп, бүгүнкү күндө талаптагыдай сакталбайт. Мунун баары толукталып, бирдиктүү санариптик базага киргизилет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков