Казакстанда Конституцияга жарандардын укуктарын коргоо жана
коомдун жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча
талкуу уланууда. Реформа боюнча комиссиянын кезектеги жыйынында депутаттар жана
укук коргоочулар Баш мыйзамда казакстандыктардын экологиялык жоопкерчилигин
бекитүүнү сунуштады. Конституциялык комиссия мүчөлөрүнүн
пикиринде, жаратылышка аяр мамиле кылуу социалдык норма гана эмес,
конституциялык милдет да болушу керек.
Сергей Пономарёв, Парламент Мажилисинин депутаты, Конституциялык реформа боюнча комиссиянын мүчөсү:
- Жаратылышка аяр мамиле кылуунун маанилүүлүгүн конституциялык жактан
бекемдөө менен биз урпактарыбыздын алдындагы жоопкерчилигибизди адал аткарабыз.
Мында сөз 31-берене жөнүндө болуп жатат. Анын 1-пунктунда: «Казакстан
Республикасынын жарандары жаратылышты сактоого жана жаратылыш байлыктарына аяр
мамиле кылууга милдеттүү» деп жазылган. Ошондой эле, 3-пунктунда: «Кызмат
адамдарынын адам өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген фактыларды жана
жагдайларды жашыруусу Казакстан Республикасынын мыйзамдарына ылайык
жоопкерчиликке алып келет» деп айтылат.
Экологиялык күн тартиби – өзгөрүүлөрдүн бир
бөлүгү гана. Астанада адам укуктарына
тиешелүү демилгелер да талкууланууда. Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу
өкүлдүн айтымында, акыркы жылдары Казакстан өлүм жазасынан толук баш тартуудан
баштап, жарандарды ар кандай кырдаалдарда милдеттүү түрдө коргоого чейин узак
жолду басып өттү. Натыйжада жашоого болгон укук иш жүзүндө абсолюттук болуп
калды, ал эми аны Конституцияда бекитүү бул багыттын кайтарылгыс кепилдиги
катары каралууда.
Артур Ластаев, Адам
укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл, Конституциялык реформа боюнча комиссиянын
мүчөсү:
- Адамдын негизги укугу эч кандай чектөөгө дуушар болбосо, ал абсолюттук деп аталат. Биз буга болушунча умтулдук жана комиссия биздин сунушубузду колдоп, адамдын жашоо укугун абсолюттук деп тааныды. Бул биздин 25 жылдан ашык убакыттан бери эволюциялык жол менен жеткен жетишкендигибиздин олуттуу белгиси. Биз мамлекет өмүр сүрүү укугуна тиешелүү бөлүгүндө алган багытынан баш тартууга ниеттенбегенин көрсөтүп жатабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

