Казакстан менен БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюму токойду биргеликте калыбына келтирет

Казакстан менен БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюму токойду биргеликте калыбына келтирет

Бул тууралуу өлкөнүн Экология жана жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди. Аталган уюм менен Казакстандын биргелешкен долбоорлору климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери менен күрөшүүгө жана биологиялык ар түрдүүлүктү калыбына келтирүүгө жардам берет. Белгилей кетсек, республиканын аймагынын 11,2%ын гана токой ээлейт. Бирок токойлуу талаа, жарым чөл жана чөл сыяктуу бир нече табигый зоналардын болушуна байланыштуу өлкөнүн токойлору бирдей эмес таралган. Бүгүнкү күндө Казакстан токой аянттарын көбөйтүүдө олуттуу ийгиликтерге жетишти. Акыркы 10 жылдын ичинде гана алардын көлөмү 8 пайызга артып, 13,6 миллион гектарды түздү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков