Казакстан Кытайга экспортту 180 товардык позиция боюнча 1 миллиард 600 миллион долларга көбөйтүүнү пландоодо. Кеп металлургия, -мунайхимия, тамак-аш, унаа жасоо жана курулуш тармактарында жогорку кошумча наркы бар буюмдарды жеткирүү жөнүндө болуп жатат. Бул тууралуу казак өкмөт башчысы Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери менен сүйлөшүү учурунда билдирди. Олжас Бектенов Ли Цян менен соода-экономикалык кызматташуу маселелерин талкуулады. Кызматташтык жигердүү өнүгүп жатат. 9 айдын ичинде өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 33 миллиард АКШ валютасын түздү. Атап айтканда, агро өнөр жай комплексинде өз ара соода дээрлик 6% га көбөйгөн. Буга байланыштуу тараптар Кытай рыногуна чыгуу үчүн жаңы атамекендик тармактык ишканаларды аккредитациялоо мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Логистика секторунун келечеги чоң. Мисалы, контейнердик ташуулар жаатында Сиань шаарында казак логистикалык борборун ачуунун эсебинен "Кытай – Европа – Кытай" маршруту боюнча транзиттик ташуулар дароо 24 эсеге өскөн. Ошол эле мезгилде орто коридордо ташуулардын көлөмү өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 23%га ашып, 3 жарым миллион тоннага жакындады. 2030-жылга чейин жүк ташуунун көлөмүн жылына 10 миллион тоннага чейин көбөйтүү коздөлүп жатат.
Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:
- Кытай Казакстандын ири соода өнөктөшү болуп саналат. Өткөн жылы товар жүгүртүү 32% га өстү. Жогорку деңгээлде коюлган милдеттерге ылайык, жакынкы келечекте өз ара товар жүгүртүүнүн көрсөткүчтөрүн эки эсеге көбөйтүүгө ниеттенүүдөбүз. Казакстан-Кытай мамилелеринин тарыхы достукка жана өз ара ишенимге негизделген. Биз ар кандай чөйрөлөрдү камтыган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүүнү улантабыз.
Ли Цян, КЭРнын мамлекеттик кеңешинин премьери:
-Кытай менен Казакстан эзелтен бери ынтымактуу коңшулар, бизди 1700 чакырымдан ашык жалпы чек ара байланыштырып турат. Дипломатиялык мамилелер орногон 30 жылдын ичинде биздин өлкөлөр ортосунда жакшы коңшулук, достук, урматтоо жана теңдиктин негизинде өз ара пайдалуу кызматташтык түзүлдү. Акыркы жылдары эки мамлекет башчыларынын стратегиялык жетекчилиги астында биздин мамилебиз жаңы дем алып, туруктуу жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн жогорку деңгээлине чыкты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков