Казакстанда быйыл айдоо аянты 23,7 миллион гектарга жетти. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 413 миң гектарга көп. Өкмөттө жазгы-талаа иштеринин жүрүшү бышыкталды. Тармак министринин айтымында, айыл чарба өсүмдүктөрүн ар тараптандыруу боюнча иштер системалуу түрдө жүргүзүлүүдө. Буудай айдоо кыскартылып, тоют жана май өсүмдүктөрү көбөйөт. Татаал мезгилге техника даяр турат. Дыйкандарга 400 миң тоннадан ашык дизель майы бөлүнүп, анын наркы базар баасынан 15% төмөн. Быйыл жер семирткичтер да үчтөн бирге көбөйдү. Жазгы өнөктүккө эрте камдануу үчүн айылдагы эмгекчилерге 385 миллиард теңге жеңилдетилген насыя берилди. Муну менен атамекендик дыйкандар үрөн фондун толуктап, жер семирткичтерди, күйүүчү-майлоочу материалдарды жана айыл чарба техникаларын алгылыктуу баада сатып алууга жетишти.
Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:
- Быйыл мамлекеттик колдоонун көлөмү кыйла көбөйдү. Жазгы талаа жана түшүм жыйноо иштерине 700 миллиард теңге, жеңилдетилген лизинг программаларына 200 миллиард теңге бөлүнгөн. Мында каржылоо натыйжалуу жана адилеттүү өндүрүүчүлөргө гана берилүүгө тийиш. Акимчиликтерге бюджеттик каражаттарды максаттуу жана сарамжалдуу пайдаланууга туруктуу мониторинг жүргүзүүнү тапшырам.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков

