Казакстан 2021-жылы кайрадан өнүгүү жолуна түшөт. Мындай пикирин серепчилер билдиришүүдө. Экономист Сапарбай Жубаев глобалдык кыйынчылыктарды ийгиликтүү жеңип, каатчылыкты өз убагында чечкендиктен өлкө экономикасы калыбына келе баштады, дейт.
САПАРБАЙ ЖУБАЕВ, ЭКОНОМИСТ:
- Биздин өсүш эми башталды. Акыркы айларда биз пандемия токтогондон кийин 3,5 пайызга төмөндөсөк, азыр ал 2,5 % түздү. Вакцина чыгып, эгерде бардыгы иштей баштаса, эл аралык мамилелер ордуна келе турган болсо, биз келерки жылдын ортосунан баштап экономиканын өнүгүшүн сезе баштайбыз. Ал эми экономикалык өнүгүү дегенибиз - көбүрөөк инвестицияларды тартуу жана калк арасында чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө көбүрөөк көңүл буруу болуп саналат. Ошондуктан биз адамдарга жардам берүү үчүн алардын сатып алуу жөндөмүн жоготпошубуз керек.
Белгилүү болгондой, мунайдын баасы түшүп, теңгенин долларга карата куну төмөндөөдө. Алдыдагы убакытта кара алтындын баасы турукташат. Мунай экспорттоочу өлкөлөрдө суроо-талаптын каалаган көлөмүн канааттандырган сунуш бар. Буга ылайык улуттук валюта чыңдалат, дейт серепчи.
САПАРБАЙ ЖУБАЕВ, ЭКОНОМИСТ:
- Мунайга суроо-талап башталды. Анын баасы убагында 25-30 долларга түшүп кетти. Бүгүн 45-50 болгондугуна байланыштуу теңге бир аз чыңдалып, бүгүнкү күндө 419-415ке түшүп жатат. Эми менин оюмча аны экспортту күчтөндүрүү үчүн ошончолук кубаттандырбастан 420-430 айланасында кармап турсак жеңиш биздики болот.
Мунай жана газ өндүрүүнү кошо алганда Казакстандын ИДӨнүн учурдагы үлүшү 18% түзөт. Ал эми кара алтынды жана жаратылыш газын экспорттоодон түшкөн кирешеге токтолсок, алар башка ата мекендик өндүрүмдөргө караганда 55-60% жакын көлөмдө. Сапарбай Жубаев бул максатка кайтуу үчүн чет мамлекеттер менен алмашуу саясатын диверсификациялоо керек, дейт. Товарлардын түрлөрүн көбөйтүү жана анын жүгүртүлүшүн кеңейтүү үчүн Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктеги өлкөлөр менен соода жүгүртүүнү көбөйтүүгө артыкчылык берилиши керек. Бул өз кезегинде башка да тармактардын өнүгүшүнө жол ачат, дейт серепчи.