Казакстанда МЖӨ долбоорлорун өнүктүрүү

Казакстанда МЖӨ долбоорлорун өнүктүрүү

Мамлекет менен бизнестин натыйжалуу өз ара мамилеси. Казакстанда бир жарым триллион тенгеден ашык суммага 864 долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми боюнча ишке ашырылууда. Бул жаатта  алардын негизги бөлүгү регионалдык болсо, ал эми 10 гана мамлекеттик маанидеги долбоорлор. Алардын ар бири өлкөдөгү региондун жана жалпы өлкөнүн социалдык маанилүү маселелерин чечүүгө багытталган. Мисалы, бала бакчалардагы жана мектептердеги орундардын жетишсиздигин толтуруу, инфраструктурасын жакшыртуу, жумуш орундарын түзүү жана жалпы бюджетке жүктү азайтуу.

ЕРБОЛАТ НАУРЫЗАЛИЕВ, «КАЗАКСТАНДЫК МАМЛЕКЕТТИК-ЖЕКЕ ӨНӨКТӨШТҮК БОРБОРУ» АК АГА КОНСУЛЬТАНТЫ:

 - Бизде бизнести тандоодо бир топ багыттар бар. Мисалы, 30-40 долбоор ишке ашырыла турган Европа өлкөлөрү менен салыштырсак, бүгүнкү күндө бизде долбоорлор жеткиликтүү. Бизде 864 долбоор бар. Бул бир күндө, башкача айтканда, күн сайын бир долбоор боюнча өлкөдө иштер аткарылат деген сөз. Жылына орто эсеп менен 200 долбоор. Азыр мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми бардык жерде колдонулат.

Адистердин маалыматы боюнча, республикада мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору билим берүү, саламаттык сактоо, энергетика жана турак жай-коммуналдык чарба, ошондой эле, транспорт жана инфраструктура тармактарында сунушталган. Биринчи орунда билим берүү турат, анда наркы 111 миллиард теңгеден ашкан 480 долбоор бар. Экинчи орунда саламаттык сактоо тармагы, анда жалпы наркы 80 миллиард теңгелик 163 долбоор ишке киргизилген. Андан кийин энергетика жана турак жай-коммуналдык чарба тармагы 94 долбоор менен 180 миллиард теңгени түзөт. Долбоордун наркы боюнча биринчи орунда транспорт жана инфраструктура тармагында 844 миллиард теңге суммасына 27 келишим түзүлгөн. Айта кетсек, эң ири долбоорлордун катарында - Чоң Алматы айланма унаа жолунун курулушу дагы бар. Бул долбоор Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунда инвестициялык баскычта турат.