Евразия өнүктүрүү банкынын уставдык капиталындагы Казакстандын үлүшү 37,3%га өстү

Евразия өнүктүрүү банкынын уставдык капиталындагы Казакстандын үлүшү 37,3%га өстү

Бул тууралуу эл аралык каржы институтунун коллегиясынын кезектеги жыйынында белгилүү болду. Борбор калаада жолугушуунун катышуучулары банк ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты. Өткөн жылы анын инвестициялык портфели 13,4 миллиард долларды түзүп, рекорддук көрсөткүчкө жетти. Жалпы баасы 2,5 миллиард долларды түзгөн бир катар жаңы долбоорлорго кол коюлду. ЕӨБ Башкармалыгынын Төрагасы Николай Подгузовдун айтымында, эл аралык каржы структурасы боюнча долбоорлордун саны 273дү түздү. Алардын баары катышуучу өлкөлөрдүн жарандарынын жашоо деңгээлин жогорулатууга жана инфраструктуралык объектилерди каржылоого багытталган. Казакстандын премьер-министри тобокелдиктерди башкарууга жана банктын насыялык рейтингин кармап турууга өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты. Ошондой эле, Өзбекстандын Евразиялык банкка жаңы мүчө болуу мүмкүнчүлүгү каралды. Бул тараптар ортосунда жаңы интеграциялык демилгелерди баштоого жол ачат

Которгон: Илгиз Жамалбеков