Казакстандын чек ара хабдарын түзүү боюнча масштабдуу планы бар. Алар Түндүк-Түштүк жана Чыгыш-Батыш транспорт коридорлорунун потенциалын жогорулатууга жөндөмдүү. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Алихан Смаилилов Москвада өтүп жаткан экинчи Каспий экономикалык форумунун пленардык жыйынында билдирди. Министрлер кабинетинин башчысы Европа, Борбордук Азия жана Кытайдын ортосундагы жүк агымын кеңейтүү үчүн Транскаспий эл аралык транспорттук каттамдагы тоскоолдуктарды бир эле учурда жоюу зарылдыгын белгиледи.
Алихан Смаилов, Казакстандын премьер-министри:
Бул- Актау жана Курык кургак деңиз порттору, «Хоргос» кургак порту, «Борбор Азия» эл аралык өнөр жай кооперация борбору жана башкалар. Бул хабдар Каспий чөлкөмүнүн өлкөлөрүнө жана андан аркы эл аралык рынокторго товарлардын агымын көбөйтүү үчүн шарттарды түзөт. Ушуга байланыштуу Каспий азык-түлүк борборун түзүү боюнча Касым-Жомарт Токаевдин демилгеси абдан маанилүү. Актау порту ири транспорттук-логистикалык борборго айланып, «Индия – Перс булуңунун өлкөлөрү – Иран – Казакстан – Орусия» багытынын негизги звеносу боло алат.
Каспий аймагында 5 мамлекет бар: Казакстан, Азербайжан, Иран, Орусия жана Түркмөнстан. Алар дүйнөлүк энергия экспортунун 13%ын түзөт. Акыркы 6 жылда бул беш өлкөнүн ортосундагы өз ара сооданын көлөмү 66%га өскөн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков