Астана эл аралык аэропорту аны башкаруу укугу берилген чет элдик инвестор менен биргелешкен ишти баштады. Бүгүн Бириккен Араб Эмираттарынан келген компания келечектеги инвестициянын пайдубалын түзгөн бизнес-планы менен тааныштырды. Анда аэропортту мультимодалдык борборго айландырууга багытталган иш-чаралардын комплекси камтылган. Документте инфраструктураны жаңыртып, учуп-конуу тилкесин реконструкциялоо каралган. Буга кошумча жүк терминалынын кубаттуулугу жана жүргүнчүлөрдүн агымынын эки эсеге көбөйүшү да эске алынган. Жалпылап алганда, заманбап технологиялык чечимдер аркылуу Астананын аба жайы “акылдуу аэропортко” айланат. Инвестор 1 жылдан бери аэропорттун дараметин изилдеп, мүмкүнчүлүктөрүн баалап келет. Андан кийин реалдуу инвестициянын көлөмү жана узак мөөнөттүү келишим маселеси каралат.
Ергазы Жолдасов, Астана эл аралык аэропортунун башкарма төрагасы:
- Биздин изилдөөлөр боюнча, компаниянын Борбор Азия менен Африкада мындай аэропортторду башкаруу жана өнүктүрүү боюнча тажрыйбасы бар. Бүгүнкү күндө бул компаниянын ою бизди
да текшерип, андан ары инвестиция салып, өнүктүрүү болуп саналат. Муну менен кийинки этапта алектенет. Ушул бир жылдын
ичинде караштырып, инвестициялоо боюнча келишим болсо, андан ары башкарууга
алат. Башкарууга гана, бул жерде эч кандай сатуу тууралуу сөз жок.
Мохамед Саиф Алхейли, TERMINALS HOLDING башкарма төрагасы:
- Биз эл аралык жүк ташуучуларды тартууга жана жүк терминалын кеңейтүүгө көңүл бурушубуз керек. Буга кошумча, биз Европадан Азияга, Чыгыш жана Батыш Азиядан Перс булуңунун аймагына жүргүнчүлөр агымын көбөйтүүнүн чоң мүмкүнчүлүктөрүн көрүп жатабыз. Ошентип, биздин бардык стратегиялык багыттарыбыз Астана аэропортун хаб катары реконструкциялоого багытталган. Бул
үчүн аэропортто бардык шарттар бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков