Мамлекет башчысы жолугушууларды өткөрдү

Мамлекет башчысы жолугушууларды өткөрдү

Касым-Жомарт Токаев Түркмөнстандын Президенти менен жолугушту. Мамлекет башчысы Сердар Бердымухамедовго деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча БУУнун үчүнчү конференциясына чакырганы үчүн ыраазычылык билдирди. Казакстандын Президенти анын жыйынтыктары мындай мамлекеттердин жалпы өнүгүүсү жана өзгөчө Борбордук Азия аймагы үчүн маанилүү экенин баса белгиледи. Ошондой эле, тараптар соода-экономикалык, энергетикалык жана транзиттик-транспорттук тармактарда кызматташтыкты чыңдоо маселелерин талкуулашты.


Казакстан президенти Борбор Азия өлкөлөрүнүн көргөзмө павильондорун кыдырды


- Ал эми кийинчерээк Касым-Жомарт Токаев жана деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча БУУнун үчүнчү конференциясынын катышуучу делегацияларынын башчылары Борбор Азия өлкөлөрүнүн көргөзмө павильондоруна барышты. Коноктордун өзгөчө көңүлүн өлкөнүн экспозициясы бурду – бул жерде казак боз үйлөрү тигилип, конокторго өлкөнүн улуттук каада-салттары тууралуу театралдаштырылган оюн-зоок тартууланды. Ошондой эле, өз павильондорун Түркмөнстан, Кыргызстан жана Өзбекстан да көрсөтүштү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков