Казакстан менен FAO айыл чарба жана суу ресурстары тармагында кызматташтыкты кеңейтет

Казакстан менен FAO айыл чарба жана суу ресурстары тармагында кызматташтыкты кеңейтет

Казакстан, Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму жана суу чарба тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүдө. Өлкөнүн Премьер-министри Башкы мүдүрдүн орун басары – Уюмдун Европа жана Борбордук Азия боюнча аймактык өкүлү Виорел Гуцу менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулады. Акыркысы Казакстандын айыл чарба тармагындагы олуттуу дараметин белгилеп, айыл аймактарын туруктуу өнүктүрүү үчүн кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Олжас Бектенов айыл чарба тармагын өнүктүрүүнүн көрсөткүчтөрүнө жана пландарына токтолду. Ата мекендик айыл чарба өнүмдөрү дүйнөнүн 80 өлкөсүнө экспорттолот. Ал эми дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугу индексинде Казакстан 113 өлкөнүн ичинен 32-орунда турат. Өткөн жылдын аягында дүң өнүмдүн өсүшү 13,7% түздү. Жалпысынан Казакстан айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүүнү жигердүү өнүктүрүүгө жана жогорку кошумча наркы бар өнүмдөрдүн үлүшүн 70%га жеткирүүгө ниеттенүүдө. Жакынкы үч жылда айыл чарба тармагында 4,8 миллиард долларлык 600дөн ашык инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу көздөлүүдө. Ал эми бул максаттарга жетүү үчүн FAO маанилүү стратегиялык өнөктөш, деп баса белгиледи өкмөт башчы.

Которгон: Илгиз Жамалбеков