Казакстан президенти Вьетнам коммунистик партиясынын борбордук комитетинин саясий бюросунун мүчөсү Нгуен Суан Тхангды кабыл алды

Казакстан президенти Вьетнам коммунистик партиясынын борбордук комитетинин саясий бюросунун мүчөсү Нгуен Суан Тхангды кабыл алды

Касым-Жомарт Токаев Вьетнамды Казакстандын Түштүк-Чыгыш Азиядагы негизги өнөктөшү катары атады. Мамлекет башчысы компартиянын борбордук комитетинин саясий бюросунун мүчөсү Нгуен Суан Тханг менен жолугушту. Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө казак-вьетнам мамилелери өнүгүүдө. Республика мындан ары да мамилелерди бекемдөө үчүн күч-аракеттерди жумшоого даяр. Касым-Жомарт Токаев ошондой эле парламенттер аралык кызматташтыкты активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Өз кезегинде Нгуен Суан Тханг  Вьетнам тарап Казакстан Президентинин өткөн жылы Вьетнамга болгон сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун үстүндө жигердүү иштеп жатканын баса белгиледи. Ал эми 2025-жылы Мамлекет башчысы Вьетнамдын Президентин Казакстанга келип, Астана эл аралык форумуна катышууга чакырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков