О.Бектенов ЕӨКтин тар курамындагы жыйынына катышты

О.Бектенов ЕӨКтин тар курамындагы жыйынына катышты

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар чөйрөдөгү жыйыны Чолпон-Ата шаарында өттү. Ага Казакстандын, Беларустун, Орусиянын премьер-министрлери, Кыргызстандын Президентинин Администрациясынын жетекчиси – Министрлер кабинетинин төрагасы жана Армениянын вице-премьери катышты. Казакстандын өкмөт башчысы Олжас Бектенов Алматы шаарындагы үчтүн айындагы жыйындын тапшырмаларынын аткарылышын талкуулады. Жолугушуунун катышуучулары интеграциянын стратегиялык багыттарына – бажы жана салыктык башкарууну санариптештирүүгө, ошондой эле заманбап технологияларды колдонуу менен маалымат алмашууну өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Которгон: Назира Бегалиева