Казакстан паспорту дүйнөлүк рейтингде Борбор Азияда эң мыкты деп табылды

Казакстан паспорту дүйнөлүк рейтингде Борбор Азияда эң мыкты деп табылды

Казакстандын паспорту Борбор Азиядагы эң мыкты паспорт деп табылды. Henley & Partners компаниясы Эл аралык аба транспорту Ассоциациясынын маалыматтарына таянып, жаңыланган дүйнөлүк рейтингди сунуштады. Бул глобалдык тизмеде өлкө 62-орунду ээледи. Казакстандын жарандары дүйнөнүн 76 өлкөсүнө визасыз же жөнөкөйлөтүлгөн тартипте бара алышат. Ал эми Кыргызстандын - 63, Өзбекстан - 61, Тажикстан-56, Түркмөнстан өз паспорттору менен 49 мамлекетке кирет. Бул жаатта лидер Сингапур болуп саналат. Анын тургундары 193 өлкөдө ээн-эркин жүрө алышат. Ал эми эң алсыз паспорт Ооганстан, Сирия жана Ирактын жарандарына таандык.

Которгон: Илгиз Жамалбеков