Мамлекет башчысы
Президенттин мүлкүн башкаруу департаментинин ат сарайларына барып, ага жылдар
бою белекке берилген жылкылардын абалын жеке өзү текшерип көрдү. Касым-Жомарт
Токаев өзүнүн Instagram баракчасында бир жыл мурун Астанада ахалтеке кулуну
туулганын жарыялап, ага Акжан деген ат койгон. Ал сейрек
кездешүүчү Изабелла түсү менен айырмаланат - ак жана кызгылт түстүү ачык түс - ошондой
эле интеллекттин жогорку деңгээлине ээ, деп белгилешет адистер. Президенттин
мүлкүн башкаруу департаментинин башчысы ат сарайларга дайыма барып, жылкыларды,
анын ичинде жакында эле Катардан белекке келген төрт араб айгырын жеке өзү
тамактандырып турат.
Касым-Жомарт Токаев,
Казакстан Республикасынын Президенти:
– Бир нече ай мурун биздин Ахалтеке ат сарайыбызга Акниет деген кочкул түстүү кулун кошулду. Жылкы чарбасын жакшы билген адистер анын келечекте эл аралык мелдештерде мыкты атаандашып, жеңишке жете аларына ишенишет. Казак эли ар дайым жылкыларды жогору баалап, аларды «ат адамдын канаты» деп атап келген. Ошондуктан, ат спортун андан ары өнүктүрүү жана бул асыл жаныбарга болгон урмат-сыйды кеңири жайылтуу маанилүү.
Ахалтеке
породасы дүйнөдөгү эң байыркы породалардын бири болуп эсептелет, анын тарыхы
бир нече миң жылдыктарды камтыйт. Бул жаныбарлар өзгөчө чыдамкайлыгы менен
белгилүү, татаал климаттык шарттарда узак аралыктарды басып өтүүгө жөндөмдүү
жана арык дене түзүлүштөрү, узун моюндары, бийик жана жылмакай, кооз кыймылдары
менен айырмаланат. Алардын терисинин жалтылдаганы породага өзгөчө баалуулук
берип, көбүнчө аларга «алтын аттар» деген каймана лакап алып жүрөт. Адистер
алардын жогорку интеллекти, ээлерине берилгендиги жана өзгөчө спорттук
жөндөмдүүлүктөрүн белгилеп, аларды дүйнөлүк ат оюндарынын эң абройлуу
породаларынын бирине айландырышат.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

