E-Qyzmetты ишке киргизүүдө Казакстандын тажрыйбасы экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму платформасында сунушталды

E-Qyzmetты ишке киргизүүдө Казакстандын тажрыйбасы экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму платформасында сунушталды

Казакстандык «e-Qyzmet» порталы Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун жогорку баасына татыды. Анын эл аралык платформасы, OPSI, өлкөнүн адам ресурстарын башкаруунун интеграцияланган маалыматтык системасын киргизүү боюнча тажрыйбасын жарыялады. Ал мамлекеттик сектордогу кадрдык процесстерди толугу менен автоматташтырат. Белгилей кетсек, «e-Qyzmet» – бардык кадрдык маалыматтарды консолидациялоочу, бюрократиялык тоскоолдуктарды жок кылуучу жана субъективдүү чечимдердин тобокелдигин минималдаштыруучу санариптик жаңылоонун негизги инструменти. Бүгүнкү күндө платформа бардык мамлекеттик органдардагы 400дөн ашык башкаруу жана HR процесстерин камтыйт. Санариптештирүү аркылуу «e-Qyzmet» HR системасынын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатты. Азыр орто эсеп менен ар бир орунга бештен адам арыз берет. Мамлекеттик кызмат агенттиги бул басылма Казакстандын санариптештирүү жана кадр тармагын өнүктүрүүдөгү өнүгүүнүн эл аралык ырастоосу экенин баса белгиледи. Бул өлкөнүн санариптик трансформация боюнча тажрыйбасы дүйнөлүк деңгээлде кызыгууну жаратып жатканын көрсөтөт. 

Нурсултан Бекенов, мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиктин департамент мүдүрү: 

- Бул бизге эл аралык коомчулук тарабынан таанылган жана колдоого алынган чечимдерди кабыл алып жатабыз деп айтууга укук берет. Бул системаны уникалдуу кылган нерсе. Мындай система мурда болгон эмес жана колдонулган эмес, ошондой эле бул жаңычылдык. Кийинки критерий - бул баалоого болот; биз системанын таасирин баалайбыз. Биз жөн гана системаны ишке ашырдык деп жаткан жокпуз; биз системаны ишке киргизгенибизди жана ал HR процессин жакшыртууга жардам бергенин сандар менен көрсөттүк. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков