Президент
Касым-Жомарт Токаев Казакстандын эл аралык аренадагы позициясын ишенимдүү түрдө
бекемдеп, бир гана өлкөнүн
эмес, бүтүндөй Борбор Азия аймагынын күчтүү брендин түзүүдө. Мындай пикирди
франциялык саясат таануучу Эммануэль Дюпьи билдирди. Серепчи белгилегендей, мамлекет
башчы ушул күздө үч дүйнөлүк лидер менен – Бээжинде, Вашингтондо жана
Москвада жолугушууларды өткөрүп, бул өлкөнүн тышкы саясатынын жаңы архитектурасын
түзүүдө. Эммануэль Дюпьи баса белгилегендей: «Казакстан 2.0» деп аталган –
бүткүл Борбор Азия үчүн заманбап лидер жана өнүгүүнүн драйвери түзүлүүдө.
Эммануэль
Дюпюи, Европа келечеги
жана
коопсуздук
институтунун
мүдүрү
/Франция:
- Казакстандын
президентинин үч дүйнөлүк лидер менен жолугушуу тартиби да чоң роль ойнойт.
Анын үстүнө, Дональд Трамп менен болгон жемиштүү сүйлөшүүлөр жана Авраам
келишимдерине кошулуу Казакстан үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Андан кийин
Москвада маанилүү келишимдер түзүлдү. Президент Токаев өлкөнүн имиджинин жана
брендинин маанилүүлүгүн түшүнөт. Сөз, албетте, байланыштуулук, цивилизациялардын,
маданияттардын, билим берүүнүн ортосундагы көпүрөлөр, албетте, соода жана
логистика жөнүндө болуп жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

