Казакстанда 84 ири инвестициялык долбоорду ишке ашыруу пландалууда. Алар негизинен кайра иштетүү өнөр жайына, инфраструктурага жана турак жай курулушуна тиешелүү. Экинчи деңгээлдеги банктар программаларды колдоого даяр. Бул тууралуу премьер-министрдин төрагалыгы алдында өткөн өкмөт жыйынында белгилүү болду. Анда өлкө экономикасынын реалдуу секторун каржылоо боюнча президенттин тапшырмасынын аткарылышы талкууланды. Ошентип, насыя берүүдө мамлекеттик кепилдиктер жогорулатылат, мунун аркасында курулуш иштери 13 миң чакырымга жакын автоунаа жолдорун жана 585 километр темир жолду камтыйт, ошондой эле 19 миллион чарчы метр турак-жайды рекорддук көрсөткүчкө жеткирүү пландаштырууда. Жыйында салык салуу, жеңилдетилген каржылоого мүмкүнчүлүгү бар тармактардын тизмесин кеңейтүү, насыя алуу ылдамдыгын жогорулатуу үчүн санариптештирүүнү киргизүү жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу маселелери көтөрүлдү. Талкуулардын жыйынтыгында Олжас Бектенов экономиканы каржылоонун жаңы ыкмаларын биргелешип ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, банк жетекчилигинин көңүлүн жергиликтүү мазмун маселесине бурду. Бизнес долбоорлорду колдоо артыкчылыктуу багы болушу керек, деп баса белгиледи Премьер-министр.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

