Бул тууралуу Каржы министри билдирди. Сенат буга мүмкүндүк берген 2023-жылга республикалык бюджетти тактоо боюнча мыйзамды кабыл алды. Документке ылайык, кошумча бөлүнгөн каражаттардын басымдуу бөлүгү экономиканын реалдуу секторун колдоого багытталат. Региондор кошумча каражаттардын эсебинен жаңы колдоого ээ болуп, айыл чарбасын, транспорт инфраструктурасын жана кайра иштетүү өнөр жайын андан ары өнүктүрүү пландаштырылууда. Өлкөнүн эскилиги жеткен жылуулук жана электр тармактарын модернизациялоого артыкчылык берилет. Буга кошумча күч түзүмдөрүн жана коргонуу тармагын жакшыртууга басым жасалмакчы. Айрыкча социалдык багытты колдоо күчөтүлөт.
Ерулан Жамаубаев, каржы министри:
- Социалдык сектордун чыгашалары 298 миллиард теңгеге көбөйдү жана 8,5 триллион теңге суммасында же бюджеттин жалпы чыгашаларынын 37,5%ын түздү. Каражат «Айылдагы саламаттыкты сактоону модернизациялоо» улуттук долбоорун ишке ашырууга, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин мугалимдеринин эмгек акысын жогорулатууга жана колледждердин студенттеринин стипендиясын көбөйтүүгө, социалдык төлөмдөрдүн, жөлөк пулдардын, жана саламаттык сактоо системасын мындан ары өнүктүрүүгө багытталат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков