Алматы жеке инвестиция көлөмү боюнча алдыңкы шаар

Алматы жеке инвестиция көлөмү боюнча алдыңкы шаар

Алматы жеке инвестициялардын көлөмү боюнча региондор арасында алдыңкы орунда турат. Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында негизги капиталга инвестициянын көлөмү 22,1 пайызга өскөн. Бул тууралуу шаар мэри президент Касым-Жомарт Токаевдин кабыл алуусунда билдирди. Ерболат Досаевдин айтымында, шаарда ишкердик активдүү күч алууда. Отчеттук мезгилде чакан жана орто бизнестин субъекттеринин саны 37,2 пайызга өскөн. Ошондой эле президентке Алматы шаарын 2025-жылга чейин өнүктүрүү программасын ишке ашыруу, 2040-жылга чейин жаңы башкы планды иштеп чыгуу тууралуу айтып берди. Жыйындын соңунда мамлекет башчысы шаардын экономикасын мындан ары ар тараптандыруу, инфраструктурасын жаңыртуу боюнча тапшырма берди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков