Орусияга каршы санкциялар Казакстан менен Европа Биримдигиндеги бизнеске таасир тийгизбейт

Орусияга каршы санкциялар Казакстан менен Европа Биримдигиндеги бизнеске таасир тийгизбейт

Евробиримдиктин Орусияга каршы санкциялары Казакстандын Европа менен болгон бизнесине таасирин тийгизбейт. Бельгия эки өлкөнүн соода кызматташтыгын колдоо боюнча чараларды белгилөөгө жардам берүүгө даяр. Бул тууралуу Брюсселдин Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Оливье Виллокс Казакстандын соода жана интеграция вице-министри Кайрат Төребаев менен жолугушуудан кийин билдирди. Казакстандын өкмөттүк делегациясы Бельгиянын Экспортту илгерилетүү агенттигинин жетекчилиги менен өз ара пайдалуу кызматташуу боюнча биргелешкен чараларды талкуулады.

Кайрат Төребаев, Казакстандын Соода жана интеграция вице-министри:

- Өткөн жылы Казакстан менен Европанын ортосундагы соода жүгүртүү 21%га өсүп, 28,9 миллиард долларды түздү. Биз Европа рыногуна жылына 200 миллион долларга жете турган 53 түрдүү өнүмдү тандап алдык. Булар биринчи кезекте кайра иштетүү, айыл чарба өнүмдөрү, фармацевтика, унаа жасоо. Бул жерде биздин негизги милдетибиз даяр өнүмдөрдү алдыга жылдыруу. Чийки зат жагынан баары жакшы. Биз Евробиримдикке мунай жеткиребиз жана анын Казакстандын кара алтынын сатып алуусунда эч кандай тоскоолдуктарды көрүп жаткан жокпуз. Санкциялык режимде Казакстан чыр-чатактын катышуучуларынын бири эмес, ошондуктан биз аймактык жана эл аралык мүнөздөгү бардык милдеттенмелерди аткара беребиз. Биздин милдет – сооданын жигердүү өсүшүн камсыз кылуу.

Оливье Виллокс, Брюсселдин Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы:

- Эң негизгиси Казакстан менен кызматташуубузду кеңейтип жатабыз. Биз айрыкча пандемиядан кийинки мезгилде көбүрөөк күч-аракет жумшообуз керек, анткени азыркы учурда саякат мүмкүнчүлүгү чектелген.

Которгон: Илгиз Жамалбеков