Агроөнөр жай комплексиндеги келечектүү долбоорлор, жашыл жана исламдык каржылоо. Ушул жана башка маселелер «Казакстан — БАЭ» инвестициялык тегерек столунун катышуучуларынын көңүл борборунда болду. Иш-чара Казакстандын президентинин катышуусунда өттү.
Өткөн жылдын аягында Казакстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы соода жүгүртүү 600 миллион долларды түзгөн. Касым-Жомарт Токаев Эмираттар менен түзүлгөн жигердүү кызматташтыкты жогору баалап, эки тараптын ортосундагы кызматташтык эбегейсиз экономикалык дараметке, бизнес кызыкчылыгына, ошондой эле өз ара урматтоого жана жалпы баалуулуктарга негизделгенин белгилеп өттү.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелер 30 жылдан бери жогорку деңгээлде уланып келет. БАЭ биздин негизги аймактык соода-экономикалык өнөктөшүбүз. Бул бекеринен эмес. БАЭ Казакстанга 3 миллиард долларга жакын инвестиция салса, Казакстан Эмираттарга миллиард доллардан ашык инвестиция жумшады. 2022-жылдын аягына карата биздин өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү 600 миллион долларга чукулдады. Бул чоң жетишкендик. Бирок, биз дагы да көбөйтүшүбүз керек.
Мамлекет башчысы Казакстан менен Эмираттардын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоого боло турган негизги багыттарды белгиледи. Тактап айтканда, президент өлкө айыл чарба тармагындагы кызматташууга чоң үмүт артып жатканын айтты. Буга кошумча Касым-Жомарт Токаев Казакстан органикалык айыл чарба өнүмүн өндүрүүгө жана БАЭ рыногуна жеткирүүгө даяр экенин белгилеп, ошондой эле Казакстанда иштеп жаткан эмираттарды жана башка ишканаларды тамак-аш өнөр жайына инвестиция салууга чакырды. Президент республиканын транспорттук дараметине да токтолуп өттү. Мамлекет башчынын айтымында, Казакстан миллиарддан ашык кардарлары бар рынокторго, анын ичинде Евразия экономикалык биримдигине, Борбор Азияга жана Кытайга түз чыккан мамлекет катары каралат.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Борбордук Азия – келечеги кең жана тез өнүгүп жаткан чоң аймак. Борбор Азиядагы соода-сатык жана байланышыбызды чыңдоо үчүн бир катар чек ара соода-логистикалык борборлорду курууну пландап жатабыз. Андан сырткары Казакстан сапаттуу жолдорго муктаж чоң мамлекет. Коңшуларыбыз жана Евробиримдик менен биргеликте “Санариптик транспорт коридорун” түзүүнүн үстүндө иштерди жүргүзүп жатабыз. Биздин максатыбыз бардык тоскоолдуктарды жоюп, Чыгыш менен Батышты, Түндүк менен Түштүк багыттарын коопсуз түрдө байланыштыруу. Өз ара мамилелерди өнүктүрүп, бекемдөө эмираттык ишканаларга пайда алып келери шексиз. Ошондуктан мен өлкөдө деңиз жана порт инфраструктурасын түзүү боюнча Abu Dhabi Ports компаниясы менен кызматташуубузду толук колдойм.
Мындан тышкары, Казакстан Борбор Азиядагы аймактык технологиялык хаб болууга умтулууда. Республикада экономиканы жана калкты тейлөөнү санариптештирүү жигердүү жүрүп жатат. Касым-Жомарт Токаев Казакстан дүйнөлүк деңгээлдеги кубаттуу каржы секторун түзүү боюнча жигердүү иштеп жатканына токтолду. Бүгүнкү күндө Астана эл аралык каржы борборунда 64 өлкөдөн 1700 компания катталган. Мамлекет башчысы эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык өнөктөштүк мындан ары да бардык тармактарда ар тараптандырылып, кеңейе берерине ишенимин билдирди. Өкмөт да бизнести колдоого даяр экенин кошумчалап өттү. Мындан тышкары мамлекет башчысы араб инвесторлорун Астанада өтө турган эл аралык форумга катышууга чакырды. Иш-чара ушул жылдын кулжа айына белгиленген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков