Унаа жасоо тармагында өсүш бар

Унаа жасоо тармагында өсүш бар

Ата мекендик унаа жасоо тармагында өсүш бар. Премьер-министр унаа жасоочулар союзунун жетекчиси менен тармактын абалын, тышкы факторлордун шарттарында көйгөйлөрдү жана өнүгүү келечегин талкуулады. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча темир жол техникасын өндүрүү 300%, айыл чарба унааларын чыгаруу 50,4%, тоо-кен жана металлургиялык унааларды жасоо 30%га жакын, автомобиль өндүрүшү 24% өсүштү көрсөттү. Мейрам Пшембаевдин айтымында, өткөн жылы импорттун жалпы көлөмү 41 миллиард долларды түзсө, анын ичинен 17 миллиард доллары ата мекендик унаа жасоо өндүрүшү болуп саналат. Ошол эле учурда импортту жергиликтүү өндүрүш менен алмаштыруу экспорт үчүн абдан маанилүү. Алихан Смаилов белгилегендей, Өкмөт тармакты стимулдаштыруу боюнча иштерди уланта берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков