Нур-Султандык опера академиясынын алгачкы гастролу Карагандыда өтөт

Нур-Султандык опера академиясынын алгачкы гастролу Карагандыда өтөт

«Астана Опера» Эл аралык опера академиясынын студенттери алгачкы гастролдук сапарга чыгышат. Бирдин айынын 27де музыканттар Карагандылык аудиториянын алдында өнөр көрсөтүшөт. Көрүүчүлөрдү опералык репертуардын алтын коллекциясынан белгилүү жана сүйүктүү чыгармалар күтөт. Академиянын көркөм жетекчиси Тимур Урманчеевдин айтымында, гастролдук сапар Алматы жана Шымкент шаарларында уланат. Концертте өнөрпоздор фортепианонун коштоосунда бардык ариялардан түзүлгөн «Опера нуру» аттуу программасын тартуулашат.

Тимур Урманчеев, «Астана Опера» опера академиясынын көркөм жетекчиси:

- Албетте, ышкыбоздорубуз кызуу даярданып жатышат. Бул гастролдук сапарды чыдамсыздык менен күтүүдөбүз. Бирок бул алардын биринчи спектакли эмес. Алар ай сайын жаңы концерттик программаларды, жаңы арияларды, жаңы камералык чыгармаларды даярдашат. Муну менен катар, бир нече концерттерге катышкан. Деген менен биздин биринчи сапарыбыз Карагандыда болгону жатат. Ошондуктан бул биз үчүн өтө маанилүү окуя. Биз атайын программа даярдадык, анда эң популярдуу ариялар ырдалып, бардык үндөр аткарылат. Башка шаарлардан, албетте, Алматыга барабыз. Андагы опера театрында алматылык көрүүчүлөрдүн алдында концерт коюу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков