Silk Way Star эл
аралык сынагынын катышуучулары казак ырларын өз эне тилдеринде аткарышты.
Эскерте кетсек, өткөн дем алыш күндөрү «Jibek Joly/Silk Way» телеканалынан
долбоордун үчүнчү эпизоду чыкты. Анын жыйынтыгы боюнча эң көп упайды Түштүк
Кореядан келген Kandis тобу жана өлкөнүн өкүлү ALEM алды. Айта кетсек, ал
бардык үч турдун жыйынтыгы боюнча лидерликти сактап калды. Экинчи орунда
Армениядан Саро Геворгян, үчүнчү орунда Грузиядан Автандил Абесламидзе турат. Ал
эми Түркмөнстандан келген катышуучу Довран Шаммыев долбоорду таштап кетти.
Довран Шаммыев,
Silk Way Star катышуучусу /Түркмөнстан/:
- Албетте,
сынактан эрте кетип калганым бдан өкүнүчтүү. Анткени алдыда дагы даярдалган
шоу, ар кандай материалдар, жанрлар, ар кандай багыттар бар болчу. Ошол эле
учурда мен жашоомдун жаңы барагынын жакшы башталышын сезип жатам. Silk Way Star
бул барактын башталышы болду жана бул барактын уландысы жаркын болот– деп
ишенем. Анткени биздин эл аралык досторубуз менен кызматташуу үчүн көптөгөн жаңы идеялар
пайда болду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

