Бүркүтчү Айшолпан Түркестанда музей ачып, жаштарды мүнүшкөрлүк өнөргө тартууда

Бүркүтчү Айшолпан Түркестанда музей ачып, жаштарды мүнүшкөрлүк өнөргө тартууда

Казактарды дүйнөгө тааныткан бүркүтчү кыз Айшолпан тууралуу тасмадан үзүндү. Америкалык режиссёр Отто Белл тарткан тасма дүйнөнүн 30 өлкөсүндө көрсөтүлгөн. Аталган тасмадан кийин бүркүтчү кыздын жашоосу таанылгыс болуп өзгөрдү. Нью-Йоркто Айшолпан «Азиянын баатыр кызы» сыйлыгын алды. Дүйнөгө атагы чыккан бүркүтчү кыз эми Түркестанда туризмди өнүктүрүүгө салым кошот.


Айшолпан Нургайып, мүнүшкөр:


- Кичинекей кезимден, жарык дүйнөгө келгенден баштап бүркүттөрдү көрүп чоңойдум, кызыктым. Агам бүркүтчү болгон. Ал аскерге кеткенде бүркүтүн мага таштап кеткен. Сегиз жашымдан баштап мүнүшкөрлүк менен алектенем. Кинодогу ишим аркылуу дүйнөнүн 32 өлкөсүндө болдум.


Дүйнөгө таанымал мүнүшкөр кыздын кыялы – улуттук өзгөчөлүк менен тыгыз байланышта болгон баалуулуктарды өнүктүрүү. Түркестанга келишинин да себеби ушул. Эми ал этно-айыл комплексинде атайын музей ачып, мүнүшкөрдүк өнөрүн жайылтууну көздөөдө.


Баян Керимбекова, Айшолпандын мугалими:


- Тоодо жүргөн адам бийик болот. Айшолпандын өзгөчөлүгү – анын жан дүйнөсү таза. Менимче ал табият менен шайкеш келген адам. Айшолпандын башка кыздардан өзгөчөлүгү – табияты өзүнө окшош таза, тунук.


Айшолпан Нургайып былтыр үй-бүлөсү менен кичи мекени Казакстанга көчүп келип, казак тили жана адабияты боюнча билим алган. Азыр ал мүнушкөрлүк менен бирге мугалимдик кесипти да аркалайт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков