Касым-Жомарт Токаев Казакстандын эл жазуучусу, коомдук ишмер Төлөн Абдикке телеграмма жөнөттү. Анын интервьюсу жакында «Эгемен Казакстан» гезитине жарыяланган. Мамлекет башчысы макаланы кызыгуу менен окуп чыкканын, анда бүтүндөй элдин руханий жашоосуна тиешелүү баалуу ойлор камтылганын белгиледи.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Сиздин атамекендик адабиятты өнүктүрүүнүн келечеги тууралуу сын пикирлериңиздерди жана жаш муундарга даанышман насааттарды өз убагында болду деп эсептейм. Дүйнөлүк туруксуздук доорунда жазуучулук жамааттын милдети - көркөм чыгармачылык аркылуу адилеттик, жакшылык жана жалпы адамзаттык баалуулуктар идеяларын жайылтуу. Бул биздин өлкөнүн келечеги үчүн маанилүү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

