Ынтымактын
башаты – өз ара мамиле. Бул Актау шаарында өткөн республикалык этномедиаторлор
форумунун катышуучуларынын позициясы. Казакстан эли ассамблеясынын 30 жылдыгына
карата уюштурулган иш-чарада ар бир аймактын өкүлдөрү этностор аралык жана
социалдык кагылышуулардын алдын алуудагы өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүштү.
Форумга катышуучулар этномедиация тынчтык диалог маданиятын калыптандырууда
маанилүү курал экенин белгилешти. Ошондой эле кесипкөй медиаторлорду даярдоого
көңүл бурулду. Форум «Элдешүү жана ынтымакташуу» маалыматтык-агартуу
марафонунун негизги окуясы болду. Ал көчмө тренингдер жана тегерек столдон
баштап подкасттар жана автордук курстарга чейин 100дөн ашык иш-чараны камтыйт.
Шерзод Полатов,
КЭАнын республикалык этномедиация кеңсесинин төрагасы:
- Этно-медиаторлордун
тизмеси түзүлдү, бул тизме үч деңгээлден турат, алардын катарында таанымал
инсандар да бар, алар этномаданий бирикмелер, этномедиаторлор, кесиптик
медиаторлор, ошондой эле түрдүү мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү. Менин оюмча,
бул форум алдыдагы убакытта туруктуу түрдө уюштурулуп, пикир алмашуу аянтына
айланат. Казакстанда түшүнбөстүктөр, келишпестиктер менен талаш жаратпоо үчүн
бардык билимибиз менен тажрыйбабызды ортого салабыз.
Жаңырбай Сатаев,
КЭА аймактык этномедия кеңсесинин төрагасы:
- Биздин
максатыбыз медиациянын бул этностор аралык ынтымакты, өлкө ичиндеги тынчтыкты,
эгерде талаш чыккан учурда бири-бирин компромисске чакыруу, элдешүүгө чакыруу
багытындагы чоң бир багыт. Бул багытты президент Касым-Жомарт Кемелович өзү министрликке,
аймак башчыларына этномедиацияны колдоп иш алып барууга түздөн-түз тапшырма
берди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

