Казакстандык опера ырчысы Италиядагы сынакта жеңишке жетти

Казакстандык опера ырчысы Италиядагы сынакта жеңишке жетти

Казакстандык опера ырчысы Айгерим Алтынбек Италияда өткөн CLIP 2025 XI Эл аралык сынагында жаркыраган жеңишке жетишти. Ал бир нече сыйлыкка ээ болуп, абсолюттук триумфатор аталды - биринчи сыйлык, көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгү, мыкты аял үнү наамы, ошондой эле белгилүү сынчы жана педагог Карло Майердин атайын сыйлыгы. Сынакка дүйнө жүзүнөн 200гө жакын арыз келип түшкөн, бирок он гана вокалист финалга чыга алган. Аларга, анын ичинде казакстандык аткаруучуга Портофинонун борбордук аянтында Teatro Carlo Felice оркестринин коштоосунда гала-концертке катышууга мүмкүнчүлүк берилди. Белгилей кетсек, Айгерим Алтынбек – Борбор Азиядан чыккан, операнын абройлуу сахнасында талашсыз лидерликти көрсөткөн биринчи өкүл. Президент Касым-Жомарт Токаев аткаруучуну куттуктап, ал  өлкөнү жана ата мекендик искусствону дүйнөлүк сахнада татыктуу көрсөткөнүн белгиледи. Казакстандык ырчы менен Италиянын жана Түштүк Американын алдыңкы театрлары иштешүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

Айгерим Алтынбек, Опера ырчысы/Казакстан:

- Президент өзү куттуктаганда, чындыгында күткөн эмесмин. Мен абдан бактылуумун жана дүйнөнү багындырууга дайым даярмын. Азыр Флоренциядагы, Сан-Карлодогу опера театрларынан угуу боюнча сунуштар түштү, азыр Түштүк Америка театрлары дагы мага жазып, чакырып жатышат. Жакынкы эки жылда Миландагы Ла Скала театры менен иштешебиз. Мен бул жылы Парма шаарындагы консерваторияны бүтүрөм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков