Нур-Султанда ыктыярчылык демилгелерге грант берилет

Нур-Султанда ыктыярчылык демилгелерге грант берилет

Борбор калаада ыктыярчылык демилгелерди колдоо үчүн чакан гранттарга сынак жарыяланды. Сынакка 14-29 жаштагы жигердүү жаштар катыша алат, деп маалымдайт акимчиликтин расмий сайты. Гранттын суммасы 350 000 теңге. Долбоорлор шаардын экологиялык, экономикалык жана социалдык көйгөйлөрүн чечүү үчүн жана инновация, илим, спорт жана башка тармактарда кабыл алынат. Бул мелдеш үч жылдан бери өткөрүлүп келе жатат. Максаты – ыктыярчылардын жана волонтердук уюмдардын демилгелерин колдоо. Арыздар үстүбүздөгү жылдын чын куран айынын 22не чейин кабыл алынат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков