Баарына жага турган белектер! Адаттагыдай эле жылды жыйынтыктаган жылдын акыркы айы жигердүүлүктү талап кылат. Буга кошумча азыркыдай түйшүктүү мезгилде жаңы жылдык белектерди тандоого убакыт табуу керек. Кээ бирөөлөр жакындарына гана белектерди даярдашса, башкалары үй-бүлө мүчөлөрүнөн тышкары досторун, кесиптештерин кубандырууга аракет кылышат. Быйыл кандай белектерди берген жакшы, коомдо эмне актуалдуу? Андыктан талкуулап көрсөк. Биринчи кезекте белекти алуучунун табитин билүү зарыл. Эгерде эмнени каалап жатканын билбесеңиз, суроо-талапка ээ тренддердин жардамына кайрылганыңыз туура.
Дал ушундай саркеч колдонмо турмуш тиричилик заттары үстүбүздөгү жылдын башкы тренддеринин бири. Аскар Касымбеков бетондон түрдүү буюмдарды жасайт. Чебердин айтымында, борбордо жашагандар үйдүн ички жасалгасына көп көңүл бурушат.
Аскар Касымбеков, чебер:
- Көпчүлүк адамдар лофт стилиндеги буюмдарды тандашат. Ошондуктан ички түзүлүшкө көрк берген түстүү буюмдарга буйрутма көп. Заманбап италиялык стилде Терраццо деп аталган нерселер бар. Мындай иштеп чыгуулар өзгөчө көпчүлүктүн көңүлүнө жагууда. Азырынча эмгегимди жактырбагандар боло элек.
Азыркы адамдарды жөнөкөй белек менен таң калтыра албайсыз. Андыктан, казакстандыктар белек тандоодо өзгөчө болуп, чыгармачылыкка артыкчылык беришет. Мисалы, ар бир учурду эсте калтыруу үчүн дароо басып чыгарган фотоаппарат сыяктуу өзгөчө белектер көпчүлүккө жагары шексиз. Бирок көпчүлүк адамдар негизгиси белек эмес, жакшы маанай экендигин белгилешет.
Чоңдор пайдалуу материалдык байлыкты кааласа, балдар жашоонун кереметтерине ишенишет. Алар Аяз атага кат жазышып, белек күтүшөт. Анан албетте, алардын кыялдарын орундаткан ата-энелери. Эң негизгиси, Жаңы жыл майрамындагы эң сонун белек - бул адамдардын чын ыкластуу маанайы жана камкордугу, алардын ак ниет каалоолору экенин эстен чыгарбоо керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков